Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жакында насыяларын кайрадан бере баштайт

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 542 | 0

Жакын арада Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяларын бере баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду буга чейин насыя берүүсүн убактылуу токтотуп турган.

«Долбоорлоруңар даяр болсо, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна келгиле, насыя алып чакан ГЭС курсаңар болот. Жакын арада насыяларын бере баштайт» , — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн суроолорго жооп берип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM