Биз менен байланышыңыз

«Компаньон» банкы чек арада жабыркагандардын насыясын кечти

Кыска кабар | 21 мая 2021 | 609 | 0

«Компаньон» банкы тажик тараптын кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун 17 тургунун насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын азайтты. Ошондой эле 2 млн сомдук гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары банк үйү өрттөнүп кеткен бир жаранга 25 миң сом материалдык жардам берди.

Буга чейин «Мол-Булак», «РСК», «Бай-Түшүм» банктары да чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечкен.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев буга чейин Баткен облусунда иш жүргүзгөн банктардын өкүлдөрү менен жолугуп, жабыркаган жарандардын насыяларын кечүү же жеңилдиктерди берүү боюнча сүйлөшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM