Биз менен байланышыңыз

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Кыска кабар | 17 Июн 2021 | 473 | 0

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 8,5 млн доллар көлөмүндө жеңилдетилген насыя жана 8,5 млн доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Бул тууралуу парламенттин бүгүнкү жыйынында Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоков маалымдады.

Насыя каражаты 38 жыл мөөнөткө 0,75 үстөк пайызы менен берилет. Алынган каражаттын 14 млн доллары түздөн-түз жергиликтүү долбоорлорду каржылоого жумшалат.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, каражат негизинен элет жергесин өнүктүрүү маселелерин чечүү, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоо, ошондой эле COVID-19 илдетинин кесепеттерин жоюу чараларын көрүү, санитардык талаптарды сактоо багытында жумшалмакчы. АРИС долбоордун негизги аткаруучусу болуп саналат.

Депутат Замирбек Эсенаманов акчаны жөн эле таратып жибербей, айыл аймактарын дотациядан чыгарууга жумшоо керектигин айтты. Ал эми депутат Экмат Байбакпаев АРИСтин жетекчилигин каражатты сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.

Каралып жаткан долбоор Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын 222 айыл аймагынын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.

Ошентип Жогорку Кеӊеште «2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 га чара көрүү боюнча) айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо) жана 2021-жылдын 4-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору боюнча 2015-жылдын 12-июнундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM