Биз менен байланышыңыз

Микрокредит алуу үчүн кайрылгандардын саны 10%га азайды

Кыска кабар | 21 Ноя 2021 | 937 | 0

Микрокредит алууга кайрылган кыргызстандыктардын саны 10%га, тагыраак айтканда, өткөн жылдын январь-сентябрь айларындагы 545 миңден 2021-жылдын январь-сентябрында 490 миңге чейин азайды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Тогуз айда микрокредиттик уюмдар 27.4 млрд сомго насыя беришти, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17%га көп.

Кыргызстандыктар микрокредиттерди керектөө муктаждыктарына (36%), айыл чарбасын өнүктүрүүгө (30%), соода жана коомдук тамактанууга (10%) жана курулушка (9%) алышкан.

Кредиттердин жалпы суммасынын басымдуу көпчүлүгү Ош облусунда (22%ы), Бишкек шаарында (18%), ошондой эле Чүй жана Жалал-Абад облустарында (ар бири 14%) берилген.

Мында микрокредиттерди төлөөнүн деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2%га төмөндөп, 91%ды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM