Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда микрокредит алуучулардын саны 14%га кыскарды

Кыска кабар | 21 Авг 2021 | 361 | 0

Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 14%га азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү, тескерисинче, 10%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстатком маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 17.7 млрд. сом кредит берилди, муну менен бирге, алуучулардын саны 329 миң адамды түздү.

I жарым жылдыкта калкка берилген микрокредиттер

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 22%ы), Бишкек шаары (17%дан ашыгы), Жалал-Абад жана Чүй (14%дан) облустарынын алуучуларына берилген.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн үчтөн бир бөлүгү (33%ы) – айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды, 32%ы — керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11%ы – соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө, 7.5%ы – курулушка берилген.

2021-жылдын I жарым жылдыгында калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши

(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Copyright © 2017 Maral FM