Жакын арада Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду насыяларын бере баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүнкү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда билдирди.
Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду буга чейин насыя берүүсүн убактылуу токтотуп турган.
«Долбоорлоруңар даяр болсо, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондуна келгиле, насыя алып чакан ГЭС курсаңар болот. Жакын арада насыяларын бере баштайт» , — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы ишкерлер чөйрөсүн түйшөлткөн суроолорго жооп берип жатат.