Биз менен байланышыңыз

«Мугалим менен дарыгерлерге ипотекалык насыя каралууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2021 | 828 | 1

2021-жылга ипотекалык насыялар үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом каралды. Бирок бул жетишсиз экенин Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, МИКтин негизги көйгөйү — каражаттын тартыштыгы. Учурда 5 жарым миңден ашык жарандын арызы бар. Аларга жалпысынан 9 млрд сомдон ашык каражат талап кылынат. Мындай каражатты мамлекет бере албайт. Ага кошумча, мамлекеттен бөлүнгөн каражат качан келип түшөрү белгисиз болгондуктан, пландоого кедергисин тийгизүүдө. Андыктан эл аралык донорлордон жардам суроонун үстүндө иштеп жатышат.

«Германия өнүктүрүү банкы тарабынан 35 млн еврого жакын каражат гранттык түрдө бөлүнөт. Андан сырткары Евразия өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар алуу боюнча арыз менен кайрылганбыз. Бирок алар бөлүп кароону туура көрүп, 25 млн долларды мугалим жана дарыгерлерге кароону пландап жатат. Өлкөдөгү саясий окуялар да биздин иштерге кедергисин тийгизди. Ипотекалык баалуу кагаз чыгарып, ал аркылуу каражат тартып келүү боюнча иш алып барууда», — дейт  Абжапарова.

1 пикир

1 пикир

  1. Гули

    15.01.2021 22:57

    Мамлекеттик иштеген адамдардын айлыгы жетпкйт деп эле жолго салышатко ,калп эле элди алдамай жашоо экенда.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM