Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик ипотекадан үйлүү болгондордун көбү мугалимдер

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2021 | 899 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу беш жылда жалпысынан 5332 үй-бүлө турак-жайлуу болуп, ага 6 млрд 900 млн сом каражат сарпталды. Бул тууралуу аталган компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, турак-жай алгандардын 31 %ын билим берүү, 15 %ын саламаттыкты сактоо, 36 %ын жалпы бюджеттик тармакта эмгектенгендер түзгөн.

Социалдык жана маданият чөйрөсүндө эмгектенгендердин үлүшү экиден пайызды түзгөн.

«Мамлекеттик кызматкерлерге насыялар 6-7-8 % менен берилет. Пайыздык чендер баштапкы салымдан көз каранды», — дейт Абжапарова.

Белгилей кетсек, 2021-жылга ипотекалык насыялар үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом каралган. Учурда турак-жай алуу үчүн 5 миңден ашык жаран кезекте турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM