Биз менен байланышыңыз

МИК: Былтыр 1 млрд 200 млн сомдук ипотекалык насыя берилди

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2021 | 576 | 0

2020-жылы жалпысынан 1 млрд 200 млн сомдук ипотекалык насыялар берилди. Анын ичинен 10 %дык жылдык үстөк менен 15 жылга 337 млн сом аймактарды өнүктүрүүгө багытталган программа аркылуу Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, компания 2020-жылдын августунан тарта электрондук порталын ишке киргизип, учурда арыздар электрондук түрдө кабыл алынууда. Портал «Түндүк» системасына туташкандыктан, керектүү маалыматтарды дароо кароого шарт түзүлдү. Бул аракеттер өз кезегинде жарандардын убактысын үнөмдөөгө өбөлгө болду.

«Өткөн жылы МИКке пайыздык чендерди өз эсебинен 1 %га түшүрүү сунушталган. Учурда процедуралык маселелерди чечип жатабыз. Бир аз убакыт талап кылынууда, анткени банктар менен келишим түзүп, системалык маселелерди чечүү зарыл», — дейт Абжапарова.

Copyright © 2017 Maral FM