Биз менен байланышыңыз

Февралга чейин ипотекалык насыялар берилбейт

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2021 | 747 | 0

2021-жылдын февраль айына чейин ипотекалык насыялар убактылуу берилбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) жетекчиси Элмира Абжапарова «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Биринчи программа 2015-2020-жылдарга багытталган эле. Жаңы программанын долбоору өкмөткө киргизилген. Пандемия жана өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу бир аз созулуп кетти. Жаңы программанын долбоору өкмөттүн токтому менен бекитилмейинче, насыя бере албай жатабыз. Ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайбыз. Бирок бул — убактылуу мүчүлүштүк», — дейт Абжапаров.

Анын айтымында, жаңы долбоорго ылайык насыяларды төлөөнүн мөөнөтү 15 жылдан 20 жылга узарышы мүмкүн. Мындан сырткары, ислам принциптерине жараша насыя берүү маселеси камтылары пландалууда.

Белгилей кетсек, 2021-жылга ипотекалык насыялар үчүн мамлекеттик бюджеттен 500 млн сом каралган. Учурда турак-жай алуу үчүн 5 миңден ашык жаран кезекте турат.

Copyright © 2017 Maral FM