Биз менен байланышыңыз

«Турак жайды каржылоо» программасы ишке кирет

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 914 | 1

Мамлекеттик ипотекалык компания «Турак жайды каржылоо» программасын ишке киргизет. Аталган программа «KFW» Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Жеткиликтүү турак жай-2015-2020» программасын жүзөгө ашыруу максатында Кыргызстан менен Германиянын Өкмөттөрүнүн ортосунда турак жайды каржылоо келишимине кол коюлган. Анын шартына ылайык, учурда программаны жүзөгө ашыра турган ата мекендик коммерциялык банктар менен кол коюлууда.

Германия өнүктүрүү банкынын линиясы менен каржылана турган программа аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Тагыраак айтканда, өлкөнүн бардык аймактарындагы турак жайы жок тургундардын үй алуусуна шарт түзүлөт. Бул каражаттар 10 пайыздык жылдык үстөк менен берилет.

1 пикир

1 пикир

  1. Эльнура

    06.02.2020 13:12

    Саламатсызбы? Турак жайга ээ болуш учун кандай документтерди талап кылышат?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM