Биз менен байланышыңыз

«Росинбанк» ипотекалык насыя бере баштайт

Кыска кабар | 19 Апр 2019 | 756 | 0

«Росинбанк» адистештирилген банк болуп түзүлүп, негизги милдети инфраструктура, байланыш жана турак жай тармагын насыялоого багытталат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйыны учурунда кабарлады.

Анын айтымында, «Росинбанктын» уставдык капиталы 3 млрд. сомго чейин көбөйтүлөт. Улуттук банктын андагы үлүшү 95 %га жетет.

Мындай чечим финансы-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында кабыл алынган.

Мындан тышкары, «Росинбанк» аймактарда 1 млрд. сом өлчөмүндө ипотекалык насыя бере баштайт. Анын шарттары мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарттарына шайкеш келтирилет.

Copyright © 2017 Maral FM