Биз менен байланышыңыз

Өкмөт ипотекалык программаны каржылоого жарым млрд сом бөлдү

Кыска кабар | 21 мая 2019 | 718 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду.

Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып Өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд. сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр 12-14 %дан  7-9 %га чейин төмөндөгөн.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 %га чейин кыскартуу тапшырма коюлган, анткени, учурдагы шарттар боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турганы айтылып келет.

Абылгазиев ушул жылдын күз мезгилине чейин өкмөт бул максатка жетерин айтты.

Copyright © 2017 Maral FM