Биз менен байланышыңыз

Күздөн баштап ипотека 6 % үстөк менен бериле баштайт

Күн чекит | 21 мая 2019 | 1946 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 %га чейин кыскартуу тапшырмасын койгон. Өкмөт башчы пландалган иш ушул жылдын күз мезгилине чейин жүзөгө ашарын билдирди. Каражат кандай бөлүнөрүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев айтып берди.

Марал: — Ипотекалык насыя берүү үчүн 500 млн. сом бөлүнө турган болду, бул сумма качан, кандай жол менен бөлүнөт?

Бактыбек Шамкеев: — Ипотекалык насыя берүү үчүн ушул жылга бюджеттен 500 млн. сом каралган болчу. Азыр буйрукка кол коюлду, эми бөлүнөт. Ошонун негизинде аталган сумманы бере баштайбыз. Бүгүнкү күндө ипотека алуу үчүн 3 миңдей жаран тизмелик кезекте турат. Быйыл январдан тарта түшкөн арыздарды карап чыксак, дагы 1800дөй киши кошулду. Жалпы тизмеде учурда 5 миңдей адам бар. Ошондуктан, өкмөт бөлө турчу жарым млрд. сом жетишпейт. Кошумча каражат жарым жыл ичинде чечилери айтылды.

Марал: — Бул сумма дароо толук бөлүнөбү, же этап-этабы менен берилеби?

Бактыбек Шамкеев: — Финансы министрлигинин процедуралары боюнча, бүгүн акча бөлүү тууралуу буйрукка кол коюлса, эртең алар кассалык план түзөт. Министрлик негизи жума сайын кассалык план түзүп турат, ошондуктан, үстүбүздөгү айдын аягына чейин акча которуунун биринчи этабы башталат, калганы июнь айында которулат.

Марал: — Ипотекалык насыянын пайыздарын 6 %га төмөндөтүү боюнча президент тапшырма берди эле, бул качан ишке ашып калат?

Бактыбек Шамкеев: — Өкмөт тарабынан жыл башынан бери каржылоого 4,8 млрд. сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр 12-14 %дан  7-9 %га чейин төмөндөгөн. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 %га чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган, анткени, учурдагы шарттар менен төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турганы айтылган. Ушул жылдын күз мезгилине чейин максатка жетүүнү пландап жатабыз. Ноябрь айынан тарта ипотекалык насыянын үстөгүн 6 %га чейин түшүрүү планыбыз бар.

Copyright © 2017 Maral FM