Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда 60 жаштан ашкандарга ипотекалык насыя берүүгө тыюу салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Сен 2019 | 800 | 0

Өзбекстанда Өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Ага ылайык ипотекалык насыялар 18 жаштан 60 жашка толо элек Өзбестандын жарандарына берилет. Буга чейин ипотекалык насыя алуу үчүн жогорку жаш курагы чектелген эмес болчу.

Документте айтылгандай, жеке турак үйлөрдү куруу үчүн ипотекалык насыялар эки жылдык мөөнөтүн узартуу менен 20 жылга берилет. Буга чейин, кредиттер 6 ай узартуу менен 15 жылга чейинки мөөнөткө берилип келген.

Ипотекалык насыя өлчөмү турак үйдүн сметалык наркынын 90 пайыздан жогору эмес белгиленет. Насыянын көлөмү 90 пайыздан ашпайт.

 

Copyright © 2017 Maral FM