Биз менен байланышыңыз

Ипотекалык насыя алуу үчүн 3,8 миң арыз түшкөн

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 703 | 0

Мамлекеттик ипотекалык компанияга 3 800 арыз келип түшкөн. Бул тууралуу компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев маалымат жыйында кабарлады. Анда алардын 30 пайызын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, 17 пайызын дарыгерлер, 4%ын маданият кызматкерлери түзөт. Алардын катарында табият кырсыктарынан жабыр тарткан жарандар да бар жана алар 15 пайызга жетет.

-Ипотекалык кредит алуучулардын катарында Ысык-Көл, Талас облустарынын 6 миң сомдук маянасы болгон жарандары да бар. Алар 500-600 миң сомго үй сатып ала алышат. Бишкекте турак-жай кымбат. Ал үчүн мамлекеттик ипотеканы пайдалануу үчүн 2айына 0-40 миң сомдук кирешеси болушу керек”, — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 31-декабрына карата бюджеттик тармакта иштеген жарандарга 4,287 млрд сом өлчөмүндө 3799 ипотекалык кредиттер берилген. Өкмөт бөлүп берип жаткан ссуданын 3 млрд 800 млн сому өздөштүрүлгөн. Мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасы аркылуу насыяларды берүү үчүн да колдонулуп жаткан негизги капитал 321 млн сомго куралган.

Copyright © 2017 Maral FM