Биз менен байланышыңыз

Абиров: Өлкө боюнча 90 миңге жакын турак жай камсыздандырылды

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2019 | 640 | 1

Өлкө боюнча 90 миңге жакын турак жай камсыздандырылды. Бул тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, турак жайлар табигый кырсыктардан гана камсыздандарылат. Табигый кырсыктардын тимзеси ӨКМ тарабынан бекитилген.

-Ага байланыштуу төлөмдөр кырсык болгон учурда гана төлөнүп берилет. Алсак, шамалдын ылдамдыгы секундасына 10 метрге жетсе, бул табигый кырсыкка кирбейт. Турак жайдын тамы жөн гана түшүп калса, камсыздандыруу төгүмү төлөнбөйт, — дейт Абиров.

Белгилей кетсек, өлкөдө жалпы 17 камсыздандыруу компаниясы бар. Анын ичинен мамлекеттик компания турак жайларды камсыздандыруу боюнча иш алып барат.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулзат

    10.12.2019 01:58

    Ооба мен колдойм уйдунсапаты кандай?менин 1балам бар ТУРКИЯДА иштейм,айлыгым500$мен уйлайын дегем

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM