Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту 1-июлга чейин берүүгө болот

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 570 | 0

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр 2020-жылдын 1-мартынан баштап 31-майына чейинки отчеттук мезгил үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчетту 2020-жылдын 1-июлуна чейин берүүгө укуктуу. Мындай токтом өкмөт тарабынан 20-апрелде кабыл алынды.

Ошол эле учурда камсыздандыруу төгүмдөрун кечиктирип төлөгөндүгү үчүн 2020-жылдын 1-мартынан 31-майына чейинки отчёттук мезгил үчүн өнбөгөн калдыктардын суммасына туум эсептелбейт.

Бул чаралар коронавирустун өлкөдө жайылышын болтурбоо боюнча чектөө чараларын киргизүүнүн натыйжасында экономикалык иштин субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.


Коронавируска кабылгандардын жаш курагы кандай?

Copyright © 2017 Maral FM