Биз менен байланышыңыз

Кыргыз өкмөтүнүн 26 кызматкеринде коронавирус тастыкталды

Кыска кабар | 28 Июн 2020 | 1005 | 0

Өкмөттүк Аппараттын 26 кызматкеринен COVID-19 вирусу аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, эки күн мурда 11 адамдын инфекцияны жуктургандыгы аныкталган, кайрадан алынган анализдин жыйынтыгы боюнча дагы 15 кызматкер илдетке кабылгандыгы белгилүү болгон. Алардын арасында премьер-министрдин кеңешчиси Артем Новиков жана премьер-министрдин жардамчысы бар. Өкмөттүк Аппарат Жетекчиси Таалайбек Темиралиев байланышта болгон адам катары учурда обочолонууда.Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык алар үй карантининде жана тиешелүү дарылануудан өтүшүүдө. Алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүп жатат. Ошондой эле алар менен байланышта болгон адамдар аныкталган.Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин көпчүлүк бөлүгү аралыктан иштөөнү улантышууда.

Copyright © 2017 Maral FM