Биз менен байланышыңыз

Беш айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд сом сарпталды

Кыска кабар | 6 Июн 2021 | 459 | 0

Ушул жылдын беш ай ичинде Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик карызды төлөөгө дээрлик 13,2 млрд сом сарптады. Мындай маалыматты Экономика министрлиги жарыялады.

Ошентип мамлекет январь-май айларында тышкы кредиторлорго 8,3 млрд сом төлөдү. Бул сумманын ичинен:

  • негизги сумма боюнча төлөмдөр  – дээрлик 6 миллиард сом;
  • пайыздык төлөмдөр – 2,4 млрд сом.

Ошол эле учурда Өкмөт ички карызды төлөө үчүн 4,8 млрд сом бөлдү:

  • негизги сумма боюнча төлөмдөр – дээрлик 3 млрд сом;
  • пайыздык төлөмдөр – 1,8 млрд сомду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM