Биз менен байланышыңыз

Бишкекке 300 даана кычкылтек концентратору келди

Кыска кабар | 10 Июл 2020 | 975 | 0

Бүгүн, 10-июлда, Бишкек шаарына Өкмөт тарабынан сатылып алынган 300 даана мобилдик кычкылтек концентраторлорунун үчүнчү партиясы жана 2000 даана пульсоксиметр келди. Бул тууралуу Өкмөттүк аппраттын маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова белгилегендей, бүгүн өлкөгө 300 даана кычкылтек концентратору алынып келинди. Буга чейин Кыргыз Өкмөтү тарабынан 700 кычкылтек концентратору сатылып алынган.

— «Кычкылтек концентраторлору коронавирус инфекциясын жуктуруп, дарты күчөп кеткен бейтаптардын өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк берет. Мекендештерибиздин өмүрүн сактап калуу үчүн ар тараптан бардык күч-аракеттер жумшалууда», — деп белгиледи Аида Исмаилова.

Кычкылтек концентраторлору республиканын медициналык мекемелерине бөлүштүрүлүп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM