Биз менен байланышыңыз

Келерки жылы доллардын курсу 20 %га төмөндөшү мүмкүн

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Ноя 2020 | 832 | 0

Учурда «асманга чыгып бараткан» доллардын курсу 2021-жылда 20 %га төмөндөшү күтүлөт. Бул божомол АКШнын «Citigroup» ири инвестициялык компаниясынын серепчилерине таандык.

Алардын айтымында, коронавируска каршы вакцинацияны жапырт жасоо жана дүйнөлүк экономиканын жанданышы доллардын курсунун арзандашын шарттайт.

— Доллар 2000-жылдардын башындагы жолуна кайрадан түшүшү мүмкүн, — дейт адистер.

Кеп Кытай Дүйнөлүк Соода Уюмуна киргенден кийин доллардын курсу төмөндөп, наркы бир нече жыл бою кармалып турганы жөнүндө болууда. Бул учурда ааламдашуунун жаңы толкуну пайда болуп, дүйнөлүк сооданын көлөмү жогорулап, АКШнын көмүскө экономикасын артка калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM