Биз менен байланышыңыз

Кайсы тармактарда миллионер болуу оңой?

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 1305 | 0

Wealth-X изилдөө компаниясы дүйнө жүзү боюнча 5 миллион доллардан ашык байлыгы бар миңдеген адамдардын маалыматтарын талдап, эң бай адамдар иш алып барган 10 тармакты аныктады. Бул тууралуу Business Insider маалымдады.

10. Тамак-аш жана суусундуктар

Бул жаатта ишкерлердин 3,8% 5 миллион доллардан ашык киреше тапкан.

9. Техника куруу жана өндүрүү

Бул тармактагы байлык 3,9 пайызды түзөт. Алардын катарында баштыксыз чаң соргучту ойлоп тапкан жана Dyson керектөөчү электроника компаниясын негиздеген Джеймс Дэйсон да бар. Анын таза капиталы 6,1 миллиард долларга бааланган.

8. Мейманкана жана көңүл ачуу бизнеси

Бул чөйрөдөгү бай адамдардын үлүшү 4,1%га тете.

7. Өндүрүш

Изилдөөлөргө ылайык, бай адамдардын 4,1 пайызы кирешелерин ушул тармак аркылуу табышкан.

Тизмеде ABC Supply компаниясынын ээси Диана Хендрикс бар, анын байлыгы 8,9 миллиард доллар.

6. Технологиялар

Билл Гейтс жана Марк Цукерберг — бул тармакта байлык топтогон ишкерлердин 4,7 пайызынын ичинен эң белгилүү миллиардерлер.

5. Ден-соолук

5 миллион доллардан ашык байлыгы бар адамдардын 5 пайызы ушул тармак аркылуу акча табышат.

4. Кыймылсыз мүлк

Бай адамдардын 5,4 пайызы кирешесин кыймылсыз мүлк аркылуу табышкан. Мисалы, Американын эң бай иштеп чыгуучусу — Стивен Росс, анын байлыгы 7,6 миллиард доллар.

3. Коммерциялык эмес жана коомдук уюмдар

Миллионерлердин 7 пайыздан көбү коммерциялык эмес уюмдарда иштешет. Бирок алардын көпчүлүгү, мисалы, Билл жана Мелинда Гейтс, байлыгын башка тармактардан топтошкон.

2. Керектөө кызматтары

Олигархтардын 16%ы керектөө кызматы аркылуу байып кетишкен.

1. Банк иши жана каржы

5 миллион долларга ээ ишкерлердин көпчүлүгү (30% га жакын) каражатты банк же финансы тармагында иштеп тапканы айтылат. Алардын катарында JPMorgan Chase компаниясынын башкы директору Жеймс Дэймон да бар.

Copyright © 2017 Maral FM