Биз менен байланышыңыз

Түрк кеңешинин Жаш ишкерлер форуму Ташкентте өтөт

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 494 | 0

Түрк кеңешинин Жаш ишкерлер форуму алгачкы жолу ушул жылдын 19-22-сентябрында Ташкент шаарында өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын өкүлчүлүгүн Соода-өнөр жай палатасы, Экономика министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги түзүүдө.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин маалыматына караганда, форумга 200гө жакын адам, анын ичинде ар бир өлкөдөн 18ден жаш ишкер катышат. Алар негизги 6 тармакты: агробизнес, IT-стартап, туризм, жеңил өнөр жай, тамак-аш өнөр жайы жана маркетингди тааныштырат.

Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө ар бир тармактан үчтөн жаш ишкер киргизилет. Мындан тышкары форумдун алкагында 20-сентябрда Түрк кеңешинин Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлеринин V жолугушуусун уюштуруу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM