Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандан инвесторлор качып жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Ноя 2020 | 617 | 0

Кыргызстандан инвесторлор качып жатат. Мамлекеттеги акыркы окуялар терс таасирин тийгизди. Андыктан өлкөгө саясий туруктуулук керек. Бул тууралуу Бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө укук үстөмдүгү жана жеке менчик коргоо үстөмдүгү бузулбашы керек. Алар бузулса, ички да, тышкы да инвестиция келбей калат. Ансыз да экономика катаал абалда.

Жыл башынан бери Бизнес-акыйкатчы институтуна ишкерлерден 52 арыз түштү. Алар негизинен салык кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Башкы прокуратурага тийиштүү. Арыз жазгандардын 60%дан көбү — Бишкек шаарында ишкердик жүргүзгөндөр.

Copyright © 2017 Maral FM