Connect with us

Орусиялык ишкерлер пандемия учурунда 62 млрд $ киреше тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Май 2020 | 646 | 0

Орусияда акыркы эки айдын ичинде миллиардерлердин ($) саны 2ден 101ге өстү. Алардын жалпы байлыгы пандемия учурунда 392 миллиарддан 454 миллиард долларга көбөйдү.

Тактап айтканда, орусиялык беш бай адамдын жалпы байлыгы 22,6 миллиард долларга көбөйүп, 109,5 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу Forbes билдирди.

Эсептин башталышы катары 18-март алынган. Ошол мезгилде дүйнөлүк биржалар коронавирус пандемиясынан улам кескин өзгөргөн.

Пандемия учурунда «Норильский никель» компаниясынын ээси Владимир Потанин Орусия боюнча эң көп киреше тапкан. Анын байлыгы эки айда 6,4 миллиард долларга көбөйүп, 26,1 миллиард долларга жеткен.

Ушул убакыт аралыгында Forbes журналынын дүйнөлүк миллардерлер рейтингиндеги 25 лидердин жалпы байлыгы 255 миллиард долларга өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM