Биз менен байланышыңыз

Коронавируска кабылгандардын жаш курагы кандай?

Кыска кабар | 23 Апр 2020 | 686 | 0

Бүгүн, 23-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 631 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча вирусту жуктургандардын арасында 15 жашка чейинки 67 бала бар. Анын ичинде 1 жашка чейинки 4 наристе катталган.

Коронавирус жуктургандардын жаш курагы:

— 16 жаштан 19 жашка чейин – 17;

— 20 жаштан 35 жашка чейин – 172;

— 36 жаштан 55 жашка чейин – 232;

— 56 жаштан жогору – 143.

Республика боюнча коронавирус диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 631ди түздү.

Анын ичинен:

Стационарда – 321, реанимацияда – 5 адам бар.
Ооруканадан чыгарылды – 302.
Каза тапты – 8.

Аймактар боюнча бөлүнүшү:

Жалал-Абад облусунда – 109;

Ош облусунда – 154;

Ош шаарында — 101;

Чүй облусунда – 34;

Бишкек шаарында – 141;

Баткен облусунда – 6;

Нарын облусунда – 74;

Ысык-Көл облусунда – 8 киши. Алардын 162си медкызматкер, 12си укук коргоо органдарынын кызматкерлери.


COVID-19дан жалпы 302 адам айыгып чыкты

Copyright © 2017 Maral FM