Connect with us

1-июнда Кыргызстандын балдарынын алгачкы онлайн саммити өтөт

Кыска кабар | 31 Май 2020 | 894 | 0

Эртең, 1-июнда, Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын балдарынын алгачкы онлайн саммити өтөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Быйыл COVID-19 пандемиясына байланыштуу Балдарды коргоо күнүн белгилөө онлайн режиминде өтүп жатат.

Кыргызстандын балдарынын биринчи онлайн саммитинде балдар жана өспүрүмдөр балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө болгон көз караштары, ошондой эле аларды тынчсыздандырган маселелерди кандай даректөө керектиги жөнүндө талкуу кылышат.

Иш-чарага 50 бала катышып, ар кыл түзүмдөрдөгү расмий адамдардын катышуусунда өз көйгөйлөрүн талкуулашмакчы. Ар бир аймактан алтыдан бала, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынан төрттөн бала чыгат.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү тандоо критерийи катары гендердик теңдик, өлкөдөгү негизги тилдик топтордун пропорционалдуу өкүлчүлүгү (кыргыз, орус, өзбек жана тажик) каралган, ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана калктын аярлуу катмарына кирген башка балдар кошулган.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча Зомбулукту токтотуу үчүн балдардын кайрылуусу кабыл алынат, анда балдар жана өспүрүмдөрдүн негизги бүтүмдөрү бириктирилип, бакубат ата-энелер тажрыйбасын илгерилетүү жана ар кыл түрдөгү денеге залал келтирүүгө тыюу салууну колдоо үчүн 10 000 ашуун адам кол койгон Тумар Манифести менен бирге улуттук ЖМКларга берилип, өлкөнүн институттары арасында жайылтылат.

Иш-чарага вице-премьер-министри Аида Исмаилова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм жана башка расмий адамдар катышат.

Өлкөнүн бардык балдары иш-чараны реалдуу убакыт режиминде ЭлТР телеканалынан саат 11.00дө көрө алышат.

Түштөн кийин саммитти төмөнкү телеканалдар аркылуу көрүүгө болот:

— Коомдук телерадиоберүү корпорациясы;

— «ЭлТР» Мамлекеттик телерадиокомпаниясы;

— «Медиа Холдинг «Пирамида» ЖЧКсы;

— «Бешинчи канал» ЖАКы;

— «Ынтымак» Коомдук аймактык телерадиокомпаниясы;

— «ОшТВ» телерадиокомпаниясы ЖЧКсы;

— Баткен облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Ысык-Көл облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Нарын облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Талас облустук мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы;

— Чүй облустук «СТВ» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы.

Copyright © 2017 Maral FM