Биз менен байланышыңыз

Өлкөгө балдардын укугун коргоо боюнча социалдык кызмат керек

Коом | 1 Июн 2021 | 2661 | 0

Дүйнө жүзүндө Балдарды коргоонун эл аралык күнү жыл сайын жайдын биринчи күнү белгиленип келет. Бүгүн күндө балдарды коргоо күнүнө өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттин ар кайсы аймактарында жогорку деңгээлде майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Тилекке каршы, акыркы кездерде балдардын укугу тебеленип калган учурлар көп кездешүүдө. Кыргызстанда ата-энеси миграцияда жүргөн, турмуштук кыйын кырдаалга кабылган канча бала бар? Мындай балдардын укугу кантип корголот жана бул көйгөйдүн алдын алуу максатында кандай иштер жүргүзүлүшү керек? 

Өлкөдө кароосуз калган балдардын саны жыл санап өсүүдө. Ар кандай турмуштук шарттарга байланыштуу балдарын ар кимге таштап, өздөрү жашаган жеринен алыс кеткен ата-энелер бар.

Балдардын укугун коргоо лигасынын директору Назгүл Турдубекова бүгүнкү күндө Кыргызстанда балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргой турган атайын мыйзам керек экенин белгиледи. Анын айтымында, мигранттардын балдары же ата-энесиз балдардын укугун коргоо иштерин көзөмөлдөгөн органдардын жоктугунан аларга болгон зомбулук күчөп жатат.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө балдардын укугун коргоо боюнча социалдык кызмат жок. Бала шаарда же айылда, кайсы жерде жашабасын, мамлекеттик деңгээлде аларды коргой турган, кепилдик бере турган орган керек. Кыргызстанда жетим балдар үйлөрүнүн саны өскөнү жанды кейитет. Ошондой жерлерде жашаган балдар психологиялык жана физикалык жактан көп зыян тартып келет».

Психолог жана социолог Чынара Кыргызбаева күнүмдүк оокаттын айынан жумушта же алыскы миграцияда жүргөн ата-энелерге жок дегенде 2 жашка чейин баласынын жанында болуусун сунуштайт.

«Коомдо 2 жашка чейинки балдарга болгон мамиле бир аз аксап жатат. Бала 2 жашка чейин ата-энесинин, өзгөчө апасынын мээримин жетиштүү деңгээлде алышы керек. Бул анын келечектеги инсандык жана адамдык мүнөздөрүнүн калыптанышына чоң таасир берет. Балага да, чоң адамдай мамиле жасоо маанилүү. Баланын айткандарына эч качан көңүлкош жооп бербөө керек».

Ал эми «Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо» уюмунун башчысы Кымбат Кадыралиева өлкөдөгү балдар боюнча жалпы статистикалык маалымат берди. Мындан сырткары мамлекет тарабынан турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын укугун коргоо боюнча атайын иштер жүргүзүлүп турарын билдирди.

«Кыргызстанда 6 миллиондон ашык адам жашаса, анын ичинен 37%ын балдар түзөт. Ушул жылы 369 миң 980 үй-бүлөнү кыдырып чыкканбыз. Анын негизинде 83 миң 197 баланын ата-энеси миграцияда: анын ичинен 15 миң 854 баланын эне-атасы ички миграцияда, 67 миң 343 баланын ата-энеси тышкы миграцияда жүргөнү аныкталды. 47 миң 9 бала туугандарынын үйүнө калтырылган. Акыркы 3 айдын жыйынтыгы менен 1457 бала кыйын акыбалда жашайт. Ошол кырдаалдан чыгаруу максатында аларды коргоонун жеке пландары түзүлгөн. Анын алкагында 875 баланын абалы жакшырган. Ал эми 224 бала камкордукка берилген».

Бул майрам 1949-жылдын ноябрь айында Франциянын Париж шаарында Эл аралык демократиялык аялдар федерациясынын конгресинин чечими аркылуу уюшулуп, 1950-жылдан тарта белгиленип баштаган. Ал эми Кыргызстан Балдар укугу жөнүндө Конвенцияны 1994-жылы ратификациялаган.

Copyright © 2017 Maral FM