Биз менен байланышыңыз

Президент балдарды майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июн 2021 | 637 | 0

Бүгүн, 1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо» күнүнө карата Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров балдарга өзгөчө көңүл буруу менен мамиле жасоо керектигин баса белгиледи. Ошондой эле ал балдарды коргоо менен гана чектелбестен, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн укуктук, социалдык-экономикалык шарттарды түзүү керектигин жана бул мүдөөлөр —  ата-энелердин жана жакындарынын гана эмес, бийликтин да аракетин талап кылаарын кошумчалады.

«Ушул маанилүү күнү мен балдарды жек көрүүчүлүктүн заарынан жана жамандыктан коргоого үндөп кетер элем. Баланын ар тараптуу өнүгүүсүнө талыкпай жардам берүү үчүн, эң башкысы, анын коопсуздугу менен ден соолугу жөнүндө кам көрүп, интеллектуалдык жана руханий өнүгүүсүнө шарт түзүү зарыл. Кантсе да, өлкөбүздүн келечеги жаш мекендештерибиздин канчалык деңгээлде корголгону, алардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган милдеттер канчалык натыйжалуу жүзө ашырылганы менен байланыштуу», — деди өлкө башчы.

Жапаров балдардын жайкы каникулдары жемиштүү өтүүнү тилеп, бардык ата-энелерге жана алардын балдарына чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубат жашоону тилеп куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM