Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы куурчак театрына 100 миң сом берди

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 611 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрына 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Ал кечээ Балдарды коргоо күнүндө аталган театрга барып, жаш жеткинчектер менен биргеликте «Туулган күн» спектаклин көрүшкөн. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы балдарды майрамы менен куттуктап, ар бир ата-эне үчүн балдардан маанилүү эч нерсе жок экенин белгилеген.

«Биз силердин жашооңор бакытка толуп турушун каалайбыз. Дайыма жүзүңөрдө жылмаюу болуп, жакындарыңардын жылуулугу жана камкордугу курчап турушуна тилектешпиз. Бул мамлекеттин маанилүү милдеттеринин бири», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчыны ЮНИСЕФ уюмунун өкүлү Юкиэ Мокуо коштоп жүрдү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куурчак театрынын директору Ботбай Куланбаевге 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Балдарды коргоо күнүнүн урматына балдар дагы Өкмөттүн атынан белектерди алышты.

Copyright © 2017 Maral FM