Биз менен байланышыңыз

Президент кыргызстандыктарды 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 1 Июн 2019 | 786 | 0

Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда ар бир баланын татыктуу жашоого жана кеңири келечекке ээ болуу укугун камсыздоо — коомубуздун да, мамлекеттин да негизги милдети экенин белгиленет.

«Үй-бүлөдөгү мыкты тарбия – коомдун руханиятынын асылдыгынын, мамлекеттин бекемдигинин булагы. Биздин балдарыбыз ата-энесинин жана жакындарынын мээримине бөлөнүп, бактылуу балалыктын доорун үй-бүлө чөйрөсүндө сүрүшү керек.

Биздин эң ыйык байлыгыбыз, кубанычыбыз, эртеңкиден үмүтүбүз, жашообуздун маңызы – силерсиңер!», — деп айтылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык балдарга чың ден соолук, бактылуу балалык каалап, аларды акылдуу, чынчыл, адептүү, ата-энеңерге кайрымдуу, билимдүү жана мекенчил болууга чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM