Биз менен байланышыңыз

«Беткапсыз сүрөт»: Өкмөт туура эмес кылганын мойнуна алды

Кыска кабар | 18 Июн 2020 | 1762 | 0

Премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы кечээ, 17- июнда Өкмөт үйүндө өттү. Кубатбек Боронов мурдагы Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден кызматты өткөрүп алды.

Мына ошол иш-чарада Мухаммедкалый Абылгазиев жана жаңы премьер-министр болгон Кубатбек Боронов ошондой эле,  Өкмөттүк Аппаратта иштеген кызматкерлердин чогуу түшкөн сүрөтү социалдык тармакка тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

Коомчулукту өзгөчө коронавируска каршы күрөшүүдө негизги орган болгон Өкмөттүк Аппараттын жалпы жамаатынын Саламаттыкты сактоо министрлиги киргизген санитардык нормаларды сактабастан жакын туруп жана дээрлик бардык кызматкерлердин беткапсыз сүрөткө түшүшү өзгөчө нааразычылыкты жаратып, эреже бузгандыгы үчүн 3000 сом өлчөмүндө айыппул салуусун талап кылышууда.

Саламаттыкты сактоо министрлиги айткан эрежелер боюнча катачылык кеткенинин Өкмөттүн Маалыматтык камсыздоо кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасынын протоколунда Өкмөттүк Аппараттын кызматкерлеринин узатып жана тосуп алуу, сүрөткө түшүү жок болгон.

—   Чындыгында катачылык кетти, премьер-министрди узатууда жана тосуп алууда Өкмөттүк Аппараттын кызматкерлери  өзүнүн каалоолору менен чыгышып, узатууга ниеттенишип чогуу сүрөткө тушүүнү демилгелешкен. Ошондон улам, мурдагы премьер-министр дагы, азыркы премьер-министр дагы баш тарата алган жок. Коллективдин айтканына макул болушуп сүрөткө түшүштү. Өкмөттүк Аппараттын бул боюнча туура эмес кылганын мойнубузга алабыз» , — деди  Эсенгулов.

Иш-чарага парламенттик көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов, ошондой эле көпчүлүк коалицияга кирген Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери — Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев жана Жыргалбек Турускулов, ошондой эле Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев да катышкан, бирок алар Өкмөттүк Аппараттын жамааты менен сүрөткө түшкөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM