Биз менен байланышыңыз

Күрөөканадан жабыркагандар кайда кайрылышы керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2019 | 638 | 0

Күрөөкана тийиштүү мыйзам жана токтомдордо көрсөтүлгөн талаптарды сактабай жатса, жарандар Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматына кайрылышы керек. Окуя изилденип, чара көрүлөт. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абиров «Марал» радиосуна берген маегинде төмөнкүдөй маалыматтарды билдирди:

-Күрөөкананын лицензиясын алууга чейин барабыз. Жабырлануучулар болсо бизге кайрылса болот, мыйзам бузууларды аныктап чыгабыз. Туура эмес иш алып барган күрөөканалар жабылган фактылар бар. Кардар 1 ай аралыгында күрөөгө койгон мүлкүн алып кетсе болот. Бир айдан соң мүлк сатууга коюлат. 250дөн ашуун күрөөкана лицензия алган. Бирок айрымдары лицензиясыз иш алып барууда. Аларга «Кылмыш жаза» кодексинде жоопкерчилик каралган, — дейт Абиров.

Анын айтымында, күрөөканаларды жабууга мыйзам жол бербейт. Алардын ишмердиги боюнча жаңы мыйзам кабыл алуунун зарылчылыгы жок. Анткени тийиштүү мыйзам кабыл алынганына 3 эле жыл болду жана ал учурдун талаптарына жооп берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM