Биз менен байланышыңыз

2020-жылдан тарта кимдер ОСАГО полисин алууга милдеттүү?

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2019 | 738 | 0

ОСАГО полиси боюнча тийиштүү долбоорго ылайык, 2020-жылдан тарта юридикалык жактар, чет мамлекетте катталган автотранспорттор камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү. Бул тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди:

-Депутаттар мыйзам долбоорун карап бүткөн соң өкмөт тараптан тиешелүү токтомдор кабыл алынат. ОСАГОдо айдоочунун жоопкерчилиги камсыздандырылат. Төлөмдөр физикалык жактарга 300 миң сомго чейин, ал эми мүлккө келтирилген зыян боюнча 150 миң сомго чейин каралган, — дейт Абиров.

Анын айтымында, учурда камсыздандыруу компаниялары даярданып жатат.

Өлкөдө жалпы 17 камсыздандыруу компаниясы бар болсо, анын бирөө мамлекеттик. Ал турак жайларды камсыздандыруу боюнча иш алып барат.

Белгилей кетсек, Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы банктык эмес финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө милдетин аткарат. Аларга баалуу кагаздар рыногу, камсыздандыруу, аудитордук, бухгалтердик эсеп ишмердүүлүгү кирет. Ошондой эле мамлекеттик эмес айрым пенсиялык топтомо фонддордун ишмердүүлүгү каралат. Андан тышкары, лоторея, күрөөкана жаатында иш алып баргандардын иши да жөнгө салынып, көзөмөлдөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM