Биз менен байланышыңыз

Ирсалиев: Камсыздандырылган жарандарга электрондук өздүк кабинет ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Июн 2019 | 775 | 0

Бардык камсыздандырылган жарандарга электрондук өздүк кабинет ачылат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 1996-жылдан бери ар бир жеке жактарга эсеп ачылган. Ал убактан бери Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн адам электрондук жеке кабинети аркылуу өздүк эсебинде канча каражат бар экенин текшерүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ошондой эле, насыя алганга банктар талап кылуучу маалымкатты да система аркылуу алууга шарт түзүлөт. Система 1-июлдан тарта күчүнө кирет.

Мындан сырткары, ар бир пенсионерге жеке электрондук өздүк кабинет ачылат. Муну менен пенсия курагына келген жаран Социалдык фондго барбай эле тийиштүү документтерди электрондук түрдө жеке кабинетке тапшырат. Социалдык фонддун кызматкерлери жарандын өздүк кабинети аркылуу пенсиянын көлөмүн эсептеп берип жөнөтөт. Система аркылуу пенсиянын көлөмү тууралуу маалымкатты да ала алышат.

«Пенсияга чыга турган жаран Социалдык фондго эмгек китепче, паспорт, аскердик билет жана 1996-жылга чейинки айлык акы боюнча маалымкат тапшырышы керек. Жашаган жери боюнча документтерин 6 ай мурда барып тапшырса болот», — дейт Ирсалиев.

Ал белгилегендей, пенсиялар бюджетке жараша көтөрүлөт. Бир пенсионер татыктуу пенсия алышы үчүн 3 жаран камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүшү керек.

«Бирок Кыргызстанда 1 иштеген адамга 1 пенсионер туура келет. Ошондуктан, пенсияларды көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат», — дейт Ирсалиев.

Copyright © 2017 Maral FM