Биз менен байланышыңыз

«Финансылык абалы айкын ишкана инвестордун ишенимине ээ болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Ноя 2019 | 637 | 0

Финансы рыногундагы маалыматтар ачык айкын болсо, жеке менчик секторду каржылоо, инвесторлордун тартылышына жагымдуу шарттар түзүлөт. Ал эми финансылык абалы айкын ишкана инвестордун ишенимине ээ боло алат. Бул өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жакшы шарт түзөт. Бул тууралуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Мыктыбек Абиров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда бухгалтердик эсеп, финансылык отчёттуулук боюнча эл аралык стандарттарга ылайык иш алып барууда финансисттерден тиешелүү билим денгээли талап кылынат. Ошондуктан кичи жана орто бизнес ишканаларындагы бухгалтерлер үчүн эл аралык стандарттар боюнча иш алып барууну үйрөтүү максатында бир катар тренингдер уюштурулду.

Жогорку окуу жайлардын бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча окутуучуларына да эл аралык стандарттар боюнча сабак өтүүнүн методикасы үйрөтүлүүдө.

Мындан сырткары, финансы, экономика тармагында адистешкен журналисттер үчүн да бухгалтердик отчётторду окуп билүү, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу максатында тренинг уюштурулган.

-Алдыда бул багытта атайын колдонмо пособие чыгаруу жагы да каралууда. Бул аракеттер журналисттер аркылуу коомчулуктун финансылык отчёттулук жаатындагы маданиятын калыптандыруусуна да чоң салым кошот деген ишенимибиз бар, — дейт Абиров.

Ал белгилегендей, тийиштүү иш-чараларды Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөл кылуу мамлекеттик кызматы Дүйнөлүк Банктын ПРАФО долбоору, эл аралык консультанттар менен биргелешип уюштурууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM