Биз менен байланышыңыз

Польша эгемендүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгиледи

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Ноя 2018 | 1092 | 0

11-ноябрь күнү Польша мамлекети өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 100 жылдыгын белгиледи. 1-дүйнөлүк согуштун соңуна чыгуусу менен 123 жыл бою Орусия империясы, Австро-венгер империясы жана Германиянын карамагында турган Польша кайрадан эркин өлкө болуп жарыяланган.

Майрамдын урматына Варшавада ири жөө жүрүш өттү. Ага өлкө бийлиги менен бирге улутчулдар, жадагалса ашкере оңчул-расисттер да катышышты. Президент Анжей Дуданын майрамдын алдынан эскерткениндей парадга бир гана ак-кызыл түстүү мамлекеттин желегин алып келгендер менен бирге өз идеологиясынын символдору менен келген оңчул тайпалар да жүрүштү. Алар «Ак түстүү Европа гана досубуз», «Ак түстүүлөрдүн өлкөсү үчүн» деген сыяктуу чакырыктары бар постерлер менен чыгышты.

Эске сала кетсек, башка Европа өлкөлөрүнө караганда расисттик көз карашы курч жана мигранттарга карата катаал саясаты бар Польша өлкөсү буга чейинки эгемендүүлүк майрамдарын да радикал топтордун чуусу менен өткөрчү.

Өткөн жылкы ашкере активдүүлүккө каршы өлкөнүн премьер-министри катуу эскертүү берген менен абал дале өзгөрбөгөнү бул сапар билинди.

Copyright © 2017 Maral FM