Биз менен байланышыңыз

31-август күнү Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

Коом , Кыска кабар | 29 Авг 2020 | 592 | 0

Борбор калаа Бишкекте Эгемендүүлүктүн 29 жылдыгына карата өтө турган салтанатка Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй проспектисинин Тоголок Молдодон Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Аталган мекеме шаар тургундарынан жана конокторунан ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, ошол күнкү маршрутун алдын ала билип алуусун суранды.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата салтанат өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Мамлекеттик телеканалдар түз алып берип, майрамдык иш-чараны көрүү үчүн эл топтолбойт.

Бишкек мэриясы бул салтанатты өтөрүү үчүн бюджеттен 2 млн 700 миң сом каражат сарптады.

Copyright © 2017 Maral FM