Биз менен байланышыңыз

Белградда жаңы жыл күнү суу үстүндөгү клуб чөгүп кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Янв 2023 | 1207 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарындагы суу үстүндөгү клуб чөгүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен бир кыз жабыркап, жеңил жаракат алган. Клубдун жарымы суу астында калган.

Окуя болгон жерге дароо полиция жана тез жардам кызматкерлери келип, эвакуация иштери жүргүзүлгөн.

Жүздөгөн адамдар клубдан тар көпүрө аркылуу өздөрү чыгып кетишсе, сыртка чыга албай калгандар диван, стулдарга чыгып жатып аман калган.

Сербияда көзөмөл органдары тарабынан текшерилбегендиктен, мындай клубдар кеңири жайылган.

Copyright © 2017 Maral FM