Биз менен байланышыңыз

Европарламент Сербияны Орусия менен ынак болбоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Ноя 2018 | 847 | 0

Бул апта Европарламент(ЕП) Сербиянын тышкы иштеринде биримдик менен бирдей болууга чакырган резолюцияны добушка коёт. Ошондой эле парламент Белграддын коргонуу тармагында да Москва менен кызматташып жатканына тынчсызданганын билдирүүдө.

Аталган документ ЕПтин тышкы саясат комитетинин пленардык жыйынында талкууланып, добушка сунушталды.

«ЕП Сербия бийлигин тышкы жана коргонуу саясатында, ошондой эле Орусия менен мамилесинде  Евробиримдик жана БУУнун алкагында аларга үндөш саясат алып барууга чакырат«,-деп айтылат документтин бир пунктунда.

Мындан сырткары резолюциянын долбоорунда Белградды экономикалык саясатын өнүктүрүп, орусиялык мунай жана газдан көз каранды болбой турган абалга келүүгө чакырык жасалат.

Анткен менен Сербия бийлиги бул талаптарга көз жуумп келүүдө. Мындан мурда Тышкы иштер министри Ивица Дачич Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларын колдобой турганын жана ал чараларга кошулбасын айткан жайы бар. Август айында болсо Коргоо министри Александр Вулин Европанын саясатына катышып Орусияга санкция киргизбесин жарыялаган эле. Ал эми Евробиримдик Крымдын Орусияга өтүшүнөн кийин Кремль менен кызматташтыгын эң төмөнкү чекке түшүргөн жана орус тарапка каршы ири көлөмдөгү соода жана саясий санкцияларын киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM