Биз менен байланышыңыз

Зеленский Путин коңгуроосуна жооп бербегенин айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 1129 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Le Figaro гезитине берген маегинде орус лидери Владимир Путинге чалганын, бирок орусиялык кесиптеши жооп бербегенин айтты.

«Ооба, туура. Биздин төрт жоокер каза болуп, экөө жаракат алганда мен сурадым. Кеңсе башчысынан Орусиянын президенти менен байланышууну сурандым,  Путин менен сүйлөшкүм келди. Бирок алар өтүнүчтү тастыкташкан жок, эч кандай сүйлөшүү болгон жок. Алар башында эч кандай тергөө болгон жок дешти. Бирок мен эстеймин. 

Баса, бул көрсөткүч эсепке алынат. Себеби менден Орусия согушту токтотууну көздөп жатабы деп сурашат. Бул суроого иш-аракеттер менен жооп берүүгө болот: мен чалдым, алар жооп беришкен жок. Азырынча бул жооп болду», — деди Зеленский.

Буга чейин Украина президентинин маалымат катчысы Юлия Мендель Зеленский Путинге Украинанын чыгышындагы кырдаалды талкуулоо өтүнүчүн жөнөткөнүн, бирок ал суроого жооп берилбегенин билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM