Биз менен байланышыңыз

Пашинян Путин менен сүйлөшүүлөрдүн темаларын айтып берди

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 518 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян «РБКга» берген маегинде Орусиянын Президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн айтып берди.

Пашиняндын айтымында, орус лидери менен баарлашуунун негизги темаларынын бири Азербайжан тараптан согушуп жаткан Түштүк Кавказдагы террорчулар тууралуу болгон. Ал бул факт Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын мазмунун толугу менен өзгөртө тургандыгын баса белгиледи.

«Бул жерде бир гана Карабах эмес, биздин чөлкөмдөгү коопсуздук кеңири мааниде Орусия менен Ирандын коопсуздугу жөнүндө. Бул жалпысынан глобалдык коопсуздук маселеси», — деп түшүндүрдү Армениянын премьер-министри.

Акыркы жолу Пашинян менен Путин 7-октябрда сүйлөшкөн. Тоолуу Карабахта жаңжал башталгандан бери саясатчылардын ортосунда беш жолу телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Тоолуу Карабахта куралдуу кагылышуу 27-сентябрда башталган. Ереван менен Баку бири-бирин жаңжалды күчөттү деп айыпташууда.

Copyright © 2017 Maral FM