Биз менен байланышыңыз

Армения оппозициясы Пашинянга ультиматум койду

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 398 | 0

Еревандын борборунда митингге чыккан Армениянын саясий оппозициялык күчтөрү ультиматум катары премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылышты.

«Биз Пашиняндан 8-декабрь, шейшемби күнү саат 12:00гө чейин кызматтан кетишин талап кылабыз. Эгер кетпесе, өлкө боюнча нааразычылык акцияларын баштайбыз», — деди «Дашнакцутюн» партиясынын өкүлү Ишхан Сагательян.

Буга чейин оппозициянын тарапкерлери Еревандагы «Эркиндик» аянтында Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып митингге чыгышкан.

«Бүгүн биз: «чыккынчы Николасыз Армения» деген жаңы ураанды жарыялап жатабыз», — деди өлкөнүн оппозициялык партиясынын өкүлү Гегам Манукян.

Арменияда Тоолуу Карабахта 10-ноябрда согушту токтотуу келишимине кол коюлгандан бери Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган митингдер жана демонстрациялар уланууда.

Билдирүүнүн шарты боюнча Карабах аймагынын бир топ бөлүгү Бакунун көзөмөлүнө өткөн. Оппозиция бул келишимди Армениянын багынып бериши катары эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM