Биз менен байланышыңыз

Пашинян Меркелден Түркияны «ооздуктоону» суранды

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Сен 2020 | 455 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Пашинян Меркелден аймактагы «Түркиянын агрессивдүү саясатын ооздуктоону» суранды. Бул тууралуу Арменпресс жазды.

«Пашинян Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаал курчуй баштагандан бери Түркия бул аймакта болуп көрбөгөндөй активдүүлүк көрсөтүп келе жаткандыгын белгиледи. Ал Германиянын канцлерин Түркиянын агрессивдүү жана деструктивдүү жүрүм-турумун ооздуктоо жана анын аймакка аралашуусунун алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды», — деп Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматына таянуу менен агенттик билдирди.

Сүйлөшүү учурунда Пашинян Тоолуу Карабак Азербайжандын агрессиясына дуушар болгонун айтып, болуп жаткан кагылышууларга тынчсыздануусун билдирди.

Буга жооп кылып Меркель ЕККУнун Минск тобунун жардамы аркылуу чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун издөөнү кайрадан баштоо зарылдыгын билдирди.

Эске салсак, БУУнун Коопсуздук Кеңеши бүгүн Тоолуу Карабактагы кырдаалды шашылыш талкуулоого жабык консультация форматында чогулат.

Copyright © 2017 Maral FM