Биз менен байланышыңыз

Армения: Азербайжан элдешүү келишимин бузду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2020 | 571 | 0

Армениянын коргоо министрлиги элдешүү келишиминен кийин Азербайжанды Тоолуу Карабахтын түндүк жана түштүк багытына ракеталык сокку жасаган деп айыптады. Бул тууралуу РИА басылмасы Армениянын Коргоо министрлигине таянып жазды.

Маалыматта, Коргоо минитсрлигинин маалымат катчысы Шушан Степян өзүнүн фейсбуктагы баракчасына «Дагы бир жолу гуманитардык элдешүүнүн шартын бузуп, каршылаштар түндүккө 00:04төн баштап 02:45ке чейин, түштүк тарапка 02:20дан 02:45ке чейин артиллериялык сокку болду» – деп жазган.

17-октябрда эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери 18-октябрь саат 0:00дөн баштап гуманитардык элдешүү келишими жөнүндө жарыя кылган эле.

Copyright © 2017 Maral FM