Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Азербайжандын премьер-министрлери жолугат

Кыска кабар | 27 мая 2021 | 505 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Беларусиянын Минск шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчылары жана делегация мүчөлөрү интеграция жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө тийиштүү маселелерди талкуулайт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкууламакчы.

Мындан тышкары делегация башчыларын Беларусиянын президенти Александр Лукашенко кабыл алат.

Кыргыз делегациясынын курамына төмөндөгүлөр кирген: Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков, Беларусиянын элчиси, Кыргызстандын КМШ уставдык жана башка органдардагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмек Ибраимов, Ички иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, КМШ Экономикалык кеңешиндеги экономикалык маселелер боюнча комиссиясындагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Айгүл Рыскулова, Президенттик Администрациянын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков.

Copyright © 2017 Maral FM