Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун саммити Армениядагы шайлоодон улам артка жылдыбы?

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Дек 2018 | 842 | 0

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити Еревандын суранычы боюнча артка жылган эмес. Мындай билдирүүсүн Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жергиликтүү телеканалдардын биринен жарыялады.

Орусиянын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков: «ЖККУнун кезектеги жыйыны 6-декабрга белгиленмек, бирок Армениянын парламенттик шайлоо өткөрөрүнө байланыштуу суранычы менен 9-декабрга жылды»,-деп билдирген.

Бирок Пашиняндын айтымында алар эч кимден эч кандай маселе боюнча суранган эмес. Болгону ЖККУнун баш катчысы болгон Армениянын мурдагы өкүлү Юрий Хачатуровко кылмыш иши козголгонуна байланыштуу анын ордуна башка талапкерлери бар экенин айткан.

Ошентип ЖККУ 9-декабрдагы жыйынында өзүнүн баш катчысын дайындайт.

Кошумчаласак, армениялыктар дагы 9-декабрда  парламенттик кезексиз шайлоону өткөрүшөт. Бул шайлоону Пашинян жасалма жол менен уюштурду. Б.а. парламенттеги көпчүлүктү түзгөн төңкөрүштөн мурунку бийликтин өкүлдөрүнөн арылуу үчүн өзү премьерликтен отставкага кетип, жаңы  өкмөт башчыны шайлай албай калган парламент тароого аргасыз болгон. Серепчилер бул шайлоодо Пашиняндын партиясы толук кандуу жеңишке жетерин болжошууда.

Copyright © 2017 Maral FM