Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун кезектеги аскердик машыгуусу 10-октябрдан 14-октябрга чейин Балыкчы шаарындагы «Эделвейс» полигонунда өтмөк. Бирок кыргыз тарап машыгуу өткөрүүдөн баш тартты.
Кыргызстандын бийлиги мунун себеби Баткендеги кандуу окуяларга байланыштуу экенин айтып, машыгуу өткөрүүнү Тажикстан колго алгандан кийин да, аскер жөнөтүлбөй турганын маалымдады.
Бийликтин мындай чечими коомчулукта чоң колдоо тапты. Айрымдар эми Орусия кыр көрсөтөт деп кооптонсо, кээ бирлери уюмдагы башка өлкөлөр түшүнүү менен кабыл аларын айтат.
Коопсуздук маселелери боюнча эксперт, генерал Артур Медетбеков Кыргызстандын машыгуу өткөрүүдөн баш тартуу чечими Тажикстандын кайра кол салуу коркунучу болуп турганына байланыштуу туура кадам болгонун, чек арада курман болгондордун каны сууй электе кол салган өлкөнүн аскерлери менен бирге машыгуу мүмкүн эмесин айтат.
«Сентябрь айында болгон окуя келишим менен бүттү, ал эми машыгуу 10-14-октябрда өтмөк. Ага даярданып жетишпей калган да болушу мүмкүн, менимче. Бир жагынан чек арада каза болгондордун, үйлөрү өрттөлүп, талкалангандардын ызасы күчөп турган убакта тажиктердин бизге келип машыгуусу өтө кооптуу болмок».
Талдоочу ЖККУнун Кыргызстанга аскердик, техникалык жактан көп пайдасы тийгенин белгилеп, өлкө коопсуздугу үчүн мааниси зор болгондуктан, уюмдан баш тартуу сунуштарына кошулбасын айтат.
Ошол эле учурда Кыргызстанга Азербайжан президентинин мамлекеттик сапар менен келиши ар кандай пикирди жаратты. Коомдо буга чейин деле түрк тилдүү мамлекеттер менен стратегиялык өнөктөш болуу, кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сунуштар такай айтылып келген.
Орусиянын Кыргызстандын ички саясатына таасир этүү аракеттери башка бир өлкө аркылуу болуп жатканын айтып келген серепчилер азыркы бийликтин Кремль менен мамилеси солгун болуп турган чакта башка мамлекеттер менен да улуттук кызыкчылыкты көздөгөн келишимдерди түзүп, кызматташтыкты кеңейтиши керек экенин белгилешет.
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө саясий бурулуштар болуп жатканын, эгер Кыргызстан ЖККУдан чыга турган болсо, түрк тилдүү өлкөлөр менен аскердик жардам тууралуу келишим түзүү зарыл болорун айтат.
«Мисалы, кечээ Азербайжандын президенти да келип кетти, Түркияга да бат-бат каттап калдык. Уюм түзүлбөсө да, эки тараптуу аскерий жардамдашуу сыяктуу келишимдерди түзүшүбүз керек да. Кечээ да чыкты, «Индия менен аскердик кызматташуу кылабыз» деп. Эми бул анык эле бурулуш болуп жатат. Мындан ары түркий мамлекеттер менен мамилеге басым жасайт окшойбуз».
Көз карандысыз эксперт Руслан Акматбек да Кыргызстан улуттук кызыкчылыктын талаптарына ылайык, түрк тилдүү өлкөлөр менен кызматташуусу керек деген пикирде. Ал Орусия менен өнөктөш болгондой эле түрк тилдүү мамлекеттер менен да кызматташтыкты арттыруу зарыл экенин белгиледи.
«Биз алар менен кызматташып, аскердик жардам ала алабыз. Түркий өлкөлөр менен кызматташуубуз – Орусия менен кызматташканыбыздай эле баалуу. Себеби, биздин улуттук кызыкчылыгыбызга ким пайда алып келсе, алардын баары менен кызматташышыбыз керек. Биз эртең Түркия, Азербайжан менен кызматташа баштасак, бул Орусияга кыянаттык кылды дегендик эмес. Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгына жараша каалаган мамлекет менен каалагандай кызматташа берет да».
Руслан Акматбек Кыргызстан ЖККУнун олуттуу пайдасын көрө элек экенин кошумчалады.
Анткени менен аталган уюмдун Кыргызстан үчүн маанилүүлүүгү тууралуу айткандар да бар. Артур Медетбеков ЖККУнун Кыргызстанга пайдасы көп экенин айтты.
«ЖККУнун Кыргызстанга пайдасы – жакшы көрөбүзбү, жаман көрөбүзбү, ал аркылуу бизге аскердик курал-жарак, техникалар келип турган. Анын негизинде терроризм, экстремизм боюнча маалымат алмашуулар, аскердик машыгуулар өтүп турган. Андан сырткары аскердик, коопсуздук жаатында кызмат кылган жарандарыбыз ЖККУнун алкагында окуудан өтүп турушкан. Мунун баары Кыргызстан үчүн позитивдүү таасир тийгизип турат».
Ал эми саясий серепчи Кубан Абдымендин пикиринде, Кыргызстандын экономикалык саясаты Орусия менен тыгыз байланышта болгондуктан түрк тилдүү мамлекеттер менен мамилени бекемдөөгө убакыт керек.
Азырынча Кыргызстандын экономикасы Орусиянын көмөгүсүз өнүкпөйт. Ошол эле кезде түрк тилдүү мамлекеттер менен алаканы бекемдөө көңүл чордонунда болушу керек.
«Түрк тилдүү мамлекеттердин активдүү мүчөсү катары Түркия, Азербайжан менен мамилени өнүктүрүп жатканыбыз түшүнүктүү эле болуп турат. Бирок «бул – Орусиянын саясий таасиринен чыгууга болгон кадам» деп айтуу – азыркы убакта туура эмес. Анткени Орусиянын көмөгү жок Кыргызстан өз алдынча экономикасын өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүктөрү чектелүү».
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Кыргызстан эң көп Орусиядан аскердик жардам алып келет. Буга чейин АКШдан да аскердик-техникалык жардам көрсөтүлгөн. Акыркы убакта Түркия да кол сунуп, былтыр «Байрактар» учкучсуз учагын жардам катары берген. Кыргызстан мүчө болгон коопсуздук боюнча эң ири уюм бул – ЖККУ. Аталган уюм 1992-жылы Ташкент шаарында Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан түзүлүп, кийинчерээк Азербайжан, Беларусь жана Грузия мүчө болуп кошулган. Бирок Өзбекстан, Грузия жана Азербайжан мамлекеттери кайра чыгып кетишкен.
Бүгүнкү күнү уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мамлекеттери мүчө.