Биз менен байланышыңыз

Армения премьери Пашинян отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 925 | 0

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян кызматтан кетти. Бул тууралуу 16-октябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Николь Пашиняндын отставкасы өлкөдө өтүүчү кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу. Апрель айындагы мурдагы бийликке каршы жалпы элдик толкундоолордун натыйжасында ошол кездеги оппозиция лидери Пашинян мамлекет башчылыгына келген. Ал кызматка киришкенден тартып эле кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүнү убадалап келет. Себеби армян парламентинин жарымынан көбү мурдагы Республикалык партиянын өкүлдөрүнөн турат жана алардын саны 51ди түзөт. Ал эми Пашинян жетектеп келген “Елк” фракциясынын парламентте 9 гана депутаты бар.

“Менин кызматтан кетүүм-бул милдеттен качуу же артка чегинүү эмес. Тескерисинче, элдик төңкөрүштү аягына чейин чыгаруу үчүн ташталган кадам. Мамлекет бийлиги толук элдин көзөмөлүнө өтүүсү керек. Ал үчүн мыйзам чыгаруу бийлиги да элдин элегинен өтсүн”,-деп билдирди Пашинян.

Кезексиз парламенттик шайлоону ушул жылдын декабрь айына пландап жаткан Пашиняндын бул оюна мурдагы башкаруучу Республикалык фракция жана башка майда фракциялар каршы болуп, шайлоону кийинки жылдын май-июнь айларына өткөрүүнү сунуштап келишкен. Бирок, Пашиняндын отставкага арыз берүүсүнөн кийин алар да премьердин оюна макул болушту.

Ошентип, азыркы парламентке эки апта мөөнөт берилди. Бул аралыкта алар жаңы премьер-министрди дайындай алышпаса, өздөрү таркашат. Ансыз деле учурдагы парламенттеги фракциялар өздөрүнүн талапкерин көрсөтүү ниети жоктугун билдиришүүдө.

Эксперттердин айтымында, бул Пашиняндын сценарийи боюнча, парламент таркап, кайра аны шайлоо декабрга белгиленери анык. Учурда Пашиняндын парламентте басымдуу орунду ээлөөгө мүмкүнчүлүгү абдан жогору экенин белгилешүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM